Азия кубогу (U-20). Кыргызстан командасы Катарга утулуп калды

08:00, 19 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-20) Кытайда өтүп жаткан Азия кубогунда Катарга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Беттеш 4:0 эсебинде Катардын пайдасына аяктады.

Белгилей кетсек, 2-таймда кыргызстандыктар команданын капитаны Атай Эшенкулов оюндан четтетилгенден кийин аз курам менен ойношкон.

КР командасы үч беттеште тең утулуп, турнирди жыйынтыктап, А тайпасында акыркы орунду ээлеп, Кытай менен Австралия алдыга жылды.