Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

09:00, 18 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 10:00 — 15:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки уюмдарда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, сууну өчүрүү «Жеңиш» суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.