18-февралга карата аба ырайы

17:11, 17 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

18-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6, күндүз 6...11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...-7, күндүз 5...10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −4...+1, күндүз 7...12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз 0...5;

Нарын облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз −2...+3.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −3...-5° суук, күндүз 8...10° жылуу болот.