Н. Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болду

18:45, 14 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орунтаев Нурдан Кемелович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп дайындалды.