15:34, 14 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абадда дагы бир блогер опузалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат Instagram платформасында 200 миң катталуучусу бар популярдуу блогер Р.к.Ч аттуу КР жаранын кармады.
Тактап айтканда, Р.к.Ч. күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган.
Андан соң даярдалган фото/видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган.
Учурда кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан улам, Р.к.Ч.нын иш-аракетинен жабыр тарткан адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына, же 0995 012 210,