Мыйзамсыз менчиктештирилген «Орлёнок» балдар лагери мамлекетке кайтарылды

11:34, 14 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Жайыл районунда мыйзамсыз менчиктештирилген «Орленок » балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, аталган балдар лагери 1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Лагердин жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзөт жана Боксо-Жол айылынын аймагында жайгашкан. Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.