Бишкекте Иран киносунун күндөрү өтөт

09:44, 14 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

17-18-февраль күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Ирандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин маданий өкүлчүлүгү социалдык тармактарда билдирди.

Программа 2023-2024-жылдары ирандык кинорежиссерлор тарабынан тартылган үч толук метраждуу жана бир анимациялык тасманы камтыйт.

17-февраль:

16.00 — «Симанын бүтпөгөн окуясы» (субтитрлер);

18.00 — «Дарактын кучагында» (дубляж).

18-февраль:

16.00 — «Ганорадан келген жүргүнчү» (субтитрлер);

18.00 — «Алдын ала сүйлөшүлбөгөн» (дубляж).