09:50, 13 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
«Бишкек Парк» соода борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Анын айтымында, саат 6:14тө өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлгөн. Саат 8:05те өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар болгон жок.