18:13, 12 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
Кытайда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы (U-20) Австралияга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.
Биринчи таймда кыргызстандыктар 27 мүнөттө төрт гол өткөрүп жиберишти.
Кыргыз курама командасынын дарбазасына пенальтиден Бекназ Алмазбеков гол киргизди.
Беттештин эсеби 5:1 атаандаштарынын пайдасына чечилди.
Белгилей кетсек, 15-февралда Кыргызстандын курамасы 2-турда Кытай курамасы менен беттешет. Маалыматка ылайык, тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген команда кийинки баскычка өтөт.