18:42, 10 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
11-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3...-8, күндүз 1...6;
Талас жергесинде түнкүсүн −2...-7, күндүз 0...5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −3...+2, күндүз 2...7;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн −5...-10, күндүз 1...6;
Нарын облусунда түнкүсүн −13...-18, күндүз 0...-5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −19...-24, күндүз −5...-10 болот.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн −4...-6°, күндүз 4...6° болот.