ЖКда эмне үчүн дача ээлери айыл макамын алууга каршы экени айтылды

13:43, 10 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Жер кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдөн улам дача ээлери арасында жаңжал чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Жер ресурстары кызматынын директору Асылбек Сатывалдиев билдирди.

Анын айтымында, багбанчылык бирикмелеринин курамына кирген дача кожоюндары айыл статусунун берилишине каршы. Алар жер тилкесин айыл өкмөткө өткөрүп берсеңер, электр трансформаторлору үзүлүп, суу түтүктөрүнөн ажыратыларын айтып, туруктуу жашаган жарандарды коркутуп жатышат.

«Эгер дачаларга айыл макамы берилсе, анда айыл өкмөтү алардын инфраструктурасын курууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү, ал эми жашоочулар да жашоого уруксат алуу, мамлекеттик кызматтарды алуу, шайлоого катышуу укугуна ээ болот. Ал эми багбанчылык чарбалардын мүчөлөрү дачалар айылга айланса, жеринен ажырап калуудан коркушат», — деди чиновник.