Ош аэропортундагы чектөө алынды

13:19, 10 февраля 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы «Ош Эл Аралык» аэропортуна киргизилген убактылуу чектөө саат 11:15те алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу бүгүн саат 07:40тан тартып учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилген болчу.