18:06, 07 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-февралда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган облустарда жана дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −2...-7, күндүз 2...7;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...-7, күндүз 4...9;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз 2...7;
Нарын облусунда түнкүсүн −12...-17, күндүз 0...-5;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн −3...-5° суук, күндүз 5...7° болот.