22:44
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген 57 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жергиликтүү прокуратура 57 гектар жайыт жерин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө Түп районунда 57 га жайыт жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Облустук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 158 млн 138 миң сомдук 57 га жер тилке мамлекетке кайтарылды.

Прокуратура органдары мыйзамсыз берилип кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума