13:54, 04 февраля 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алдында Синьхуа агенттигине берген маегинде эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп, Кытайды республиканын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири деп атады. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.
Кытай Эл Республикасынын Башкы Бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 19 миллиард 863 миллион долларга, жыл аягында 22 миллиард 71 миллион долларга жеткен.
Садыр Жапаров соода жүгүртүүнүн өсүшү чек ара бекеттерин кеңейтүүнүн натыйжасы экенин белгиледи.
«Биздин мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку статусун бекемдеген иш жүзүндөгү жетишкендиктердин бири — 2024-жылдын 27-декабрында расмий түрдө башталган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу сыяктуу маанилүү биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун башталышы болуп саналары шексиз. Бул мегадолбоор КЭРдин урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын «Бир алкак, бир жол» демилгесине толук кандуу үндөш», -деди президент
Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуубуз активдүү өсүп жатканын белгилеген президент «Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди: 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен. Буга байланыштуу биздин өлкөлөр учурда иштеп жаткан «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө жайларынын, ошондой эле «Бедел» өткөрмө пунктунун транзиттик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат», -деп белгиледи
Саясий диалог жана ШКУ
Садыр Жапаров 2023-жылы Сиань шаарында өткөн саммиттен кийин мамилелердин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине өткөнүн жогору баалап, Кытайдын демилгелерин колдоду. Ал ошондой эле 2025-жылы Кытайдын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун саммити уюмдун ролун бекемдейт деген ишенимин билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында мамлекет башчы Кытайга келип, Харбин шаарында Кышкы Азия оюндарынын ачылышына катышат жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Биргелешкен декларацияга жана өнөктөштүктү бекемдөөчү документтерге кол коюу пландалууда. Мамлекет башчысы Кытайдын экономика жана технология жаатындагы укмуштуудай жетишкендиктерин белгилеп, Кыргызстанды модернизациялоо үчүн кытай тажрыйбасынын маанилүүлүгүн белгиледи.