Кыргызстандын президенти ишкерлерди медалдар жана наамдар менен сыйлады

10:24, 31 января 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн «Даңк» медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Абдурахимов Равшан Хамрабаевич — «Салих ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, уюштуруучусу, Аламүдүн району, Чүй облусу;

Майлиева Шайлоогул Дуйшоновна — «Прод Импекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Бишкек шаары;

Малабаева Нургуль Маликовна — «Ак-Куу» ачык акционердик коомунун башкы директору, Сокулук району, Чүй облусу;

Маматов Акылбек Абдимуктарович — «Альфа Ойл» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Маметжанов Аскарбек Маметтурдуевич — «АЛАЙКУ Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкармасынын төрагасы, уюштуруучусу, Кара-Суу району, Ош облусу;

Кадыров Суюндук Кадырович — «Кант-Сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Осмонбаев Азамат Рахимжанович — «Альфа» майэкстракция заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» деген ардак наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

Абдрахманов Нурбек Омурбековичке — «Кайыңды-Кант» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы, Панфилов району, Чүй облусу;

Акимжанова Рысгүл Абдыманаповнага — «Бай Элим Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Акунбеков Эрлист Абакировичке — «Бай Дыйкан» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Гайворонский Денис Васильевичке — «Куликовский» кондитердик үйү" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Бишкек шаары;

Орумбаев Мырзабек Турганбаевичке — «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Укубаев Туратбек Галияровичке — «Аталык Групп» жабык акционердик коомунун уюштуруучусу, Ысык-Ата району, Чүй облусу.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Дехтярев Павел Викторович — «Кант цемент заводу» ачык акционердик коомунун башкы директору, Ысык-Ата району, Чүй облусу;

Кочергин Павел Геннадьевич — «Умай Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору, Бишкек шаары;

Маматов Кудретилла Абдилазизович — «Ноокат алмасы» айыл чарба багбанчылык коммерциялык кооперативинин башкы директору, Бишкек шаары;

«КОКА-КОЛА БИШКЕК БОТТЛЕРС» жабык акционердик коому.