Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Түркенакун Бейшенбаев дүйнөдөн кайтты

09:22, 31 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 100 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, персоналдык пенсионер Түркенакун Бейшенбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Бейшенбаев Түркенакун 1925-жылы 1-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Көл айылында туулган. 1942-жылдын аягында Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина, Беларус, Венгрия, Молдавия, Румыния, Чехословакиядагы салгылашууларга катышкан. Украинадагы Чабастын жанындагы салгылашта катуу жарадар болуп, бирок дарылангандан кийин кызматына кайтып келип, уланткан. 1946-жылдын июнь айында Советтик Армиядан демобилизацияланган.

Эрдиги жана берилгендиги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде:

— СССРдин Финансы министрлигинин Ардак грамотасы;

— 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени;

— Жуков атындагы жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.