Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мамлекеттик объектилерди каттоого алууну суранды.
Анын айтымында, райондо каттоодон өтө элек 60 объект бар.
«Бул объектилер ушул убакка чейин катталбай келген. Бирок ал заман өтүп кетти, азыр өзүң үчүн эч нерсе алуу мүмкүн эмес. Бул объектилерге бала бакчалар, мектептер, футбол аянтчалары, мончо, клубдар ж.б. Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери бул объектилерди каттоого көмөктөшүүгө даяр, бирок райондун акими кол коюудан коркуп жатат. Тизме бар, аны мага жардамчым берди, баарын комиссиянын кароосуна алып чыгып, кол коюшу керек», — деди депутат.
Ал районго мектептерди оңдоого даяр ар кандай фонддор келип жатканын, бирок алардын документтери жок экенин билдирди. Акбөкөн Таштанбеков Билим берүү министрлигинен райондук билим берүү бөлүмүнөн аталган мектептерди каттоону тездетүүнү суранды.