Бишкекте мектеп окуучулары таштанды таштанды челектен ымыркайды табышты

09:05, 29 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте мектеп окуучулары таштанды челектин ичинде калган ымыркайды табышты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бир күн мурун, 28-январда Интергельпо көчөсүндө болгон. Ымыркай баштыкка оролуп, таштанды челекке салынган. Ымыркай азыр ооруканада. Укук коргоо кызматкерлери ымыркайдын апасынын өздүгүн тактоодо. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.