Айсулуу Тыныбекова UWW Asia версиясы боюнча 2024-жылы Азиянын эң мыкты балбаны аталды.
Маалым болгондой, Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү былтыркы жылдын жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчуну эң мыкты деп тапкан.
Эске салсак, 2024-жылы Айсулуу Тыныбекова беш турнирге катышып, беш медалга ээ болгон. Парижде өткөн Олимпиадада үчүнчү орунду жана коло медалды жеңип алган. 2024-жылдын октябрында Тыныбекова Кыргыз Республикасынын Аялдар күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланган.
Айсулуу Тыныбекова Кыргыз Республикасынын эң титулдуу спортчуларынын бири: Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медалдардын ээси, дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.