Бишкектеги зоопарктардын биринде өрт чыгып, анын кесепетинен жаныбарлар өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт бүгүн, 28-январда таңга маал борбор калаанын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопарктын аймагында болгон. Өрттүн кесепетинен жыгач менен капталган 10 чарчы метр тосмо күйгөн. Саат 8:05те өрт толугу менен өчүрүлгөн. Натыйжада 7 жаныбар (6 маймыл, 1 кенгуру) өлдү.
«Өрт боюнча иликтөө иштери жүрүп, себеби такталууда», — деп кошумчалады КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.