Туристтерди «Ала-Арча» сейил багында электромобилдер менен бекер ташышат

09:51, 28 января 2025, Бишкек - 24.kg

«Ала-Арча» жаратылыш паркында туристтерди электромобилдер бекер ташыйт. Бул тууралуу анын директору Талантбек Жекшенов журналисттерге билдирди.

Фото «Кабар». "Ала-Арча" жаратылыш паркынын директору Талантбек Жекшенов

Анын айтымында, жыл сайын аймакка 100 миңден ашык унаа кирет. Кирүү чектелүү болот. Эс алуучуларды 50 электр унаасы ташыйт, алар үчүн атайын аялдамалар курулат: Ак-Бата, Саз, Карагай-Булак, Чер-Жаз, Ак-Сай.

Талантбек Жекшенов ошондой эле асма жолдун курулушунун экинчи этабында анын узундугу 13 чакырымды түзөрүн билдирди. Ал кошумчалагандай, биринчи этабын күз айларында бүткөрүү пландалып, асма жолдун бир чакырымы ишке берилген.

2024-жылы «Ала-Арча» жаратылыш паркынын жылдык кирешеси 232 миллион сомду түздү. Салыштыруу үчүн эки жыл мурун 51 миллион сом болчу.

Эске салсак, 25-январда Ала-Арча жаратылыш паркында асма жолдун курулушу башталган. Долбоорду Президенттин мүлктү башкаруу боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев баштап, анын экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанисин белгиледи.