13:40
USD 87.45
EUR 90.24
RUB 0.90

Милиция «Asia Mall» соода борборунда бомба коюлганын билдирген адамды кармады

Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган кабар берген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 25-январь күнү саат 17:34 чамасында, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

25-январда милицияга «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдөн кийин бул билдирүү ырасталган жок.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Террордук акт тууралуу билип туруп жалган маалымат берүү» беренеси боюнча иш козголду.

Милиция кызматкерлери жана атайын кызматтар бомба тууралуу кабарлаган жигиттин өздүгүн аныкташкан. Бул 18 жаштагы М.А болуп чыкты. Ал алдын алуу чарасы катары ата-энесинин көзөмөлүнө алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-февраль, шаршемби