Кышкы кабыл алуу башталгандан бери Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 308 абитуриент, анын ичинен 199у күндүзгү бөлүмгө, 109у сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин ачык маалыматтарында айтылат.
Жалпысынан үч турда 471 абитуриент катталып, анын ичинен 431 абитуриент ЖОЖдорго тапшырууга сунушталган. Эң көп тапшыруу Кыргыз улуттук (132), Ош мамлекеттик (106) жана Кыргыз экономикалык (89) университеттеринде болду.
Окууга кабыл алынган 308 адамдын 66сы медицинаны, 36сы билим берүүнү, 41и маалыматтык технологияны, 56сы укук таанууну, 62си экономика жана каржыны тандаган.
Эскерте кетсек, кабыл алуу өнөктүгү 2024-жылдын 23-декабрында башталган. Бүгүн, 27-январда финалдык, төртүнчү тур башталды.
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу контракттык орундарга гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.
Жогорку кесиптик билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында Кыргызстандын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды ЖОЖдорго жылына эки жолу кабыл алуу механизми иштелип чыккан.