10:03
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Экситпол: Александр Лукашенко Беларустагы шайлоодо 87,6% добуш менен жеңди

ТАСС
Фото ТАСС. Александр Лукашенко Беларустагы президенттик шайлоодо добуш берүү учурунда
Беларустун ММКлары экзитполлдун маалыматына таянып, Беларустун азыркы президенти Александр Лукашенко республикада өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгын жазышууда.

«Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Беларусь Республикасынын президенттигине талапкер Олег Гайдукевич үчүн респонденттердин 1,8%, Анна Канопатская үчүн 1,6%, Александр Лукашенко үчүн 87,6% добуш берди. Сергей Сыранков шайлоочулардын 2,7% добушун алды. Сурамжылоого катышкан Александр Хижняк — 1,2%, баарына каршы — 5,1%», — деп билдирди Беларустун Биринчи маалымат каналы.

Маалым болгондой, сурамжылоо социологиялык тандоо боюнча 320 шайлоо участкасында жүргүзүлгөн. Шайлоочулар менен 1000ден ашык адам сурамжыланган. Шайлоо участкалары ачылгандан (саат 08:00дөн) саат 20:00гө чейин шайлоочулар суралган.

Эң көп окулган жаңылыктар