Бишкекте күн ачык, бирок суук болот. 27-29-январга карата аба ырайы

08:00, 27 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аптанын биринчи жарымында күн ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

27-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн −9 градуска чейин суук, күндүз +6 градуска чейин жылыйт.

28-январда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Түнкүсүн термометр −7 градуска чейин төмөндөп, күндүз +5 градус жылуу болот.

29-январда күн ачык болот, бирок абанын температурасы төмөндөйт. Түнкүсүн −8 градуска чейин, күндүз +1 градуска чейин гана суук болот.