Түркиядан Бишкекке 12 метрлик, газ менен жүрүүчү IZUZU үлгүсүндөгү 43 жаңы жүргүнчү автобустардын үчүнчү партиясы келди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Ар бир автобус 85 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн төмөнкү кабаттуу пандустар каралган, кош бойлуу аялдар жана карылар үчүн атайын жайлар да бар. Автобустар камералар, кондиционер жана телефонду кубаттоочу порттор менен жабдылган.