«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

10:04, 24 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолундагы «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чектөөлөр бүгүн, 24-январда саат 8.35те алынды.

Эске сала кетсек, Төө-Ашуу ашуусунда кырсыктын алдын алуу максатында аба ырайынын начарлашына байланыштуу бир күн мурун, 23-январда Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө тыюу салынган.