Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгиледи. Анын айтымында, жаңы мэрдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча чоң милдеттер турат.