Ош шаарына жаңы мэр келди. ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев дайындалды

10:31, 23 января 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарына жаңы мэр келди. Президенттин жарлыгы менен бул кызматка Жеңишбек Токторбаев дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен түштүк борбордун азыркы мурдагы мэри Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.