Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү айыл чарба жаныбарларын жана үй канаттууларын республикалык каттоо уланууда. Айыл чарба министрлигинин асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментинин кызматкерлери тарабынан республиканын төрт облусунда: Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарында көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоонун максаты айыл чарба тармагын эффективдүү пландаштыруу жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон малдын жана үй канаттууларынын саны боюнча актуалдуу маалыматтарды алуу болуп саналат. Учурдагы сурамжылоонун жыйынтыгы февралдын аягына чейин чыгарылат.
Жаңы маалыматтардын жарыяланышынын алдында былтыркы каттоонун жыйынтыгы менен тааныштырабыз. Алардын айтымында, республикада малдын жана үй канаттууларынын саны:
канаттуулар: 6 млн 988 миң 968 баш;
бодо мал: 1 млн 802 миң 299 баш;
топоздор: 59 миң 142 баш;
жылкылар: 542 миң 527 баш;
Кой-эчкилер: 6 миллион 216 миң 125 баш.