07:30
USD 87.45
EUR 90.27
RUB 0.90

Каныбек Туманбаев МИКке дагы бир нече шаарга ипотекалык үй курууну тапшырды

Президенттин иш башкармалыгы башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик инвестиция комитетине республиканын дагы бир нече шаарларында жана райондорунда ипотекалык үйлөрдү курууну тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каныбек Туманбаев мамлекеттик ишкананын кызматкерлерин коррупцияга аралашпоо үчүн бир катар профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча да тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик инвестиция комитетинин кызматкерлеринин профессионалдык децгээлин жогорулатуу милдети да коюлган.

Маалым болгондой, мамлекет башчысынын иш башкаруучусу Талас, Кара-Балта, Токмак, Сокулук, Айдаркен, Кемин, Кант жана Ысык-Ата облусуна ипотекалык үйлөрдү курууну тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар