04:20
USD 87.45
EUR 90.27
RUB 0.90

«Кыргыз темир жолу» ишканасы маянаны көтөрүп, жаңы жеңил вагондорду сатып алат

«Кыргыз темир жолу» УК" мамлекеттик ишканасы 36 жеңил вагондорду сатып алат. Бул тууралуу аталган агенттиктин директорунун орун басары Дастан Усубакунов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыймылдуу курамды жаңылоо жана эл аралык каттамдар үчүн вагондорду сатып алуу алкагында Кыргыз-Өзбек фонду менен кызматташуу жүрүп жатат.

«Учурда 16 вагонго муктажбыз, бирок 36 жаңысын алууну пландап жатабыз. Келечекте кайсы вагондор эл аралык каттамдарга жөнөтүлөт, кайсынысы ички каттамдарга калтырылат деген бөлүштүрүү болот. Вагондордун абалына келсек, алар эскирип калганын түшүнөбүз, жумушчулар аларды оңдоп, кемчиликтерди жоюуда», — деди ал.

Аткаминер кошумчалагандай, жумушчулардын айлыгы 30 пайызга көтөрүлгөн. «Орто эсеп менен 32-33 миң сом алышат», — деп жыйынтыктады Дастан Усубакунов.

Эң көп окулган жаңылыктар