«Сапат» лицейлер тармагынын окуучуларынын ата-энелери президент Садыр Жапаровдон мекемедеги билим берүү системасын жана педагогикалык кадрларды сактап калууну суранышууда. Бул тууралуу алар маалымат жыйынында билдиришти.
Ата-энелердин айтымында, бүгүнкү күндө 28 мугалим жумуштан кеткен. Алардын 12си Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин мугалимдери болуп саналат.
«Мисалы, Токмок лицейинде химия сабагы мугалим жумуштан кеткенден бери өткөрүлбөй келет. Ушундай эле абал республика боюнча «Сапат» тармагынын башка мектептеринде жана лицейлеринде да байкалат. «Жокко чыгарылган сабактардын ордуна дене тарбия сабагы өтүүдө», — дейт ата-энелердин бири Асел Алдаярова.
Дагы бир ата-эне Айтбек Жумашалиев лицейлерде мыкты окуучуларды ЖРТга жана олимпиадага даярдаган «Үмүт» программасы токтоп калганына нааразы болду. Ата-энелер «Маариф» билим берүү мекемелери жатакана менен камсыздалбай жатканын белгилешти.
«Биз Сапат билим берүүнүн жатакана түрүн сактап калышын каалайбыз. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн мөөрүндө жана аттестаттарында окуу жайдын аталышын өзгөртпөөнү суранабыз», — деди Венера Курманова.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 31-декабрында министрлер кабинети «Сапат» билим берүү мекемелеринин тармагы «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөнүн билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги бул мугалимдер жамаатына эч кандай таасир этпей турганын билдирген. Ведомстводон билдиришкендей, мугалимдер жумуш ордун сактап, студенттер мурдагыдай эле шартта окуусун улантышат. Кийинчерээк ата-энелер мектептен 28 мугалим, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы лицейден 12, Айчүрөк лицейинен 2 мугалим жумуштан кеткенин билдиришкен.