Бүгүн планеталар параддын жердин жашоочулары көрө алышат

13:11, 21 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 21-январда планеталардын парадын жердин жашоочулары көрө алышат. Астрономдор бул кубулушту планеталардын чоң түзүлүшү деп аташат. Асманда Күн системасынын алты планетасы көрүнөт: Марс, Юпитер, Уран, Нептун, Венера жана Сатурн. Бул тууралуу Live Science билдирди.

Star Walk. Планета параддын жер тургундары 21-январда көрө алышат
Бул планеталардын парады асманда телескопсуз да көрүүгө болот. Бирок бул үчүн шаардан алысыраак, жарык булганбаган жерге барууга туура келет.

Астрономдор асман кубулушун 21-январдан 25-январга чейин күндүн караңгы маалында байкоого болоорун белгилешүүдө.

Ал эми 28-февралда Меркурий планеталардын бул парадына кошулат. Чындыгында Жерден башка Күн системасынын бардык планеталарынын парадын көрүүгө болот.