18:11
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Декларация. Айыл чарба министрлигинин экс- башчысынын 5 унаа, 14 жер тилкеси бар

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Мындай маалыматты декабрда кызматынан кеткен мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков да билдирген.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, мурдагы аткаминердин кирешеси 8 миллион 454 миң 315 сом болгон. Анын чыгымы 5 миллион сомду түзгөн.

Аскарбек Жаныбековдун бир нече жер тилкелери бар. Алардын экөөсүнүн аянттынын ар бири 5 миң чарчы метрди түзөт. Алар айыл чарбалык эмес максаттар үчүн арналган. Дагы 12 айыл чарба жер тилкелери жарыяланды: үчөө 1,8 га (эки тилке), экөө 3,75 га, дагы бири 1,04 га, ошондой эле 5,2 га, 41 миң 600 чарчы метр, 52 миң чарчы метр, 10 миң 400 чарчы метр, 15 миң 200 чарчы метр жана 19 миң чарчы метр.

Айыл чарба министрлигинин мурдагы жетекчисинин бир нече унаалары бар — ВАЗ, ГАЗ-САЗ, УАЗ жана Toyota Land Cruiser, акыркысын 5 миллион сомго баалаган.

Жакын туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат жок.

Эң көп окулган жаңылыктар