Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин Караколдун «Барс» клубунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.
«Барс» клубу (Каракол) менен бир жылдык келишим түзгөн. Футболчу 2-номер астында ойнойт.
Эске салсак, Валерий Кичин профессионалдык карьерасын «Абдыш-Ата» клубунда баштап, «Анжи», «Тюмень», «Торпедо», «Минск» «Динамо» жана «Ташкент Локомотив» сыяктуу командаларда ойноого жетишкен.