Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, дүйнөлүк банктын ыш үчүн бөлүнгөн 50 миллион доллары кайда жумшалаарын айтты.
Анын айтымында, бул каражаттын 7,1 миллион доллары Бишкек мэриясына 2025-жылы ирригациялык системаларды өздөштүрүү жана оңдоого бөлүнөт. Автоматташтырылган мониторинг системасын орнотууга 9 миллион доллар сарпталат.
Калган 32 миллион долларды Каржы министрлиги жарандарга көмүрдөн альтернативдик жылуулук булактарына өтүү үчүн насыя катары берет.