13:48
USD 87.45
EUR 90.64
RUB 0.90

Салык кызматынын экс-жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун камактагы мөөнөтү узартылды

Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, анын баш коргоо чарасын аныктады. Мурдагы чиновник 2025-жылдын 20-мартына чейин камакта болот.

Эске сала кетсек, Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев 2024-жылы декабрда камакка алынган. Алар ээлеген кызматтарынан четтетилген.

Буга чейин Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычев сурактан кийин кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, алар коррупциялык схемаларга катыштыгы бар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар