Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан имараттан чыккан өрттөн төрт адам жабыркады

12:05, 20 января 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте эки кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен төрт адам истүү газга ууланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт кырсыгы бүгүн, 20-январда Ахунбаев менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Саат 8:03тө төрт өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн. Дүкөн менен кафеси бар эки кабаттуу имарат күйүп жаткан.

ӨКМ билдиргендей, өрт саат 10:06да толугу менен өчүрүлгөн — 300 чарчы метр аянт күйгөн. Мындан тышкары төрт адам истүү газга ууланган. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.