Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө мурда «Аристократ» дүкөнү жайгашкан эки кабаттуу үйдөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт саат 8:00дөр чамасында башталган. Өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү бригада тартылган.