05:47
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Израил менен Хамас ортосунда ок атышпоо келишими күчүнө кирди

Жекшембиде Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууну жана туткундарды бошотууну көздөгөн макулдашуу күчүнө кирди.

Израилдин KAN мамлекеттик телеканалы премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси 19-январда бошотула турган барымтадагылардын тизмесин алгандан кийин тастыктаганын билдирди.

«Барымтадагыларды бошотуу келишимине ылайык, Газа тилкесиндеги ок атышпоонун биринчи этабы жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:15те күчүнө кирди», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Хамас Газа тилкесинде ок атышпоо келишиминин алкагында 2025-жылдын 19-январында бошотула турган барымтачылардын ысымдарын ортомчуларга бергенин билдирген.

Эске салсак, Израил менен ХАМАС радикал тобу ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин сүйлөшүүлөргө арачылык кылган АКШ менен Катардын бийлиги 15-январда жарыялаган. Ага ылайык, бул макулдашуу үч этап менен ишке ашат. Бир канча аптага созула турган макулдашуунун алкагында Газада ок атышуу токтоп, ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундар бошотулушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар