Жогорку Кеңеште аялдар абагындагы кыйноолор тууралуу айтылды

12:18, 15 января 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-январдагы жалпы жыйынында депутат Сеид Атамбаев министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго № 2 түзөтүү абагында соттолгон Дилбар Камилова менен Валентина Лысенконун укуктары бузулуп жатканын билдирди.

«Соттолгондор кыйноого же башка адамгерчиликсиз, ырайымсыз жана кадыр-баркты басмырлаган мамилеге дуушар болбошу керек», — деди парламентарий.

Ал Алмазбек Абытовдон соттолгон Зарина Каракуловага көңүл бурууну өтүндү. Анын кызынын айтымында, Фейсбукта видеону репост кылганы үчүн соттолуп, учурда ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар экендиги белгиленди.