Жасалма акча менен унаа сатып алган шылуундар кармалды

16:38, 14 января 2025, Бишкек - 24.kg

Жасалма акча таратуу менен алектенген эки киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдирди.

УКМК басма сөз кызматы
Бул боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжада Кыргыз Республикасынын жарандары жасалма акчаларды сатуу жана ага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски унааларды сатып алуу жана сатуу бизнесин уюштургандыгы жана төлөмдөрдү жасалма чет элдик банкноттор менен жүргүзүшкөндүгү аныкталды. Алар Кыргыз Республикасынын жарандары М.И.М. жана С.К.Д., УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, натыйжада жүгүртүүдө жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган корутунду алынды.

УКМК басма сөз кызматы

13-январда аталган жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор алынып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.