2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1,5 трлн сомдон ашты

12:49, 14 января 2025, Бишкек - 24.kg

Ички дүң продукт 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча боюнча 1,5 триллион сомдун ашыгын түздү жана 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9%га өстү.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-декабрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 585 млрд сомдон ашып, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу тазаланган мунайзат продуктулардын көлөмүнүн (1,9 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин (30,5 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (20,1 пайызга), текстиль жана кийим-кече өндүрүшүнүн (15,3 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (21,7 пайызга), резина, желим буюмдардын жана курулуш материалдарынын (10,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (4,0 пайызга) өсүшүнүн эсебинен 5,5 пайызга көбөйдү.

Маалымат: 24.kg

ИДП (ички дүң продукт) – бул өлкөдө бир жылда өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыноктук наркы. Ал экономикалык өнүгүүнүн деңгээлин өлчөйт. ИДПга керектөө, инвестиция, мамлекеттик чыгымдар жана таза экспорт кирет.