09:21, 14 января 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдагы биринчи валюталык интервенциясын 13-январда өткөрдү.
Регулятордун маалыматы боюнча, 79 миллион доллар сатылган, анын ичинде 40,2 миллион доллар келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 38,8 миллион доллары келишим түзүлгөн күндөн башка күнгө сатылган.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 26 операция жүргүзгөн. Анын ичинен 13 валюта сатып алууга жумшалып, 369 миллион 350 миң долларды базардан чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Дагы 13 транзакциянын жалпы баасы 675,65 миллион долларды түзгөн сатуулар болгон. Салыштыруу үчүн, бүт 2023-жылы жөнгө салуучу валюта рыногунда 655,72 миллион доллар саткан.