14-январга карата аба ырайы

18:36, 13 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −4...-9, күндүз 5...10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −4...-9, күндүз 5...10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...-6, күндүз 7...12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз −1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн −19...-24, күндүз −5...-10;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −5...-7°, күндүз 6...8° жылуу болот.