Талас облусунун Манас районунда мыйзамсыз жер бөлүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 0,67 гектар жайыт жерин жеке жактарга 49 жылга убактылуу пайдаланууга берүү боюнча токтомду бурмалаганы аныкталган.
Жогорудагы мыйзамсыз токтомдун негизинде Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин Манас филиалы тарабынан жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна мыйзамсыз күбөлүк берилген.
Аталган фактынын негизинде райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн ИИМге өткөрүлүп берилди.