14:45, 10 января 2025, Бишкек - 24.kg
2024-жыл дүйнөдөгү аба ырайын байкоо тарыхындагы эң жылуу жыл болду. Бул тууралуу Климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча Европалык «Коперник» кызматы билдирди.
Өткөн жылы орточо дүйнөлүк температура биринчи жолу 1850-1900-жылдардагы өнөр жайга чейинки деңгээлге салыштырмалуу 1,5 градустан ашык жогорулаганы белгиленген.
2023-жылдын аягына карата температура 1,48 градуска жогорулаган. Ошентип, акыркы он жылдык тарыхта эң жылуу болуп калды.
Эксперттердин айтымында, былтыркы температуранын жогорулашына адамдын аракети, ошондой эле Эль-Ниньо сыяктуу табигый аба ырайынын кошумча салымы себеп болгон.