13:25, 10 января 2025, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессинин ачыктыгын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын ак ниеттүү ээлери үчүн анын сакталышына кепилдик берүүнү камсыз кылуу, жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү легалдаштыруу боюнча чечим кабыл алуу, жеке жактар тарабынан алар колдонгон автотранспорт каражаттарын ыктыярдуу каттоо жолу менен укуктук белгисиздикти жоюу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1.Министрлер кабинети:
1) Кыргызстандын аймагына ташылып келген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар жеке жактардын автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун эки айлык мөөнөттө жөнгө салсын жана тиешелүү чечим кабыл алсын;
2) чечимдин долбоору менен алты айлык мөөнөттө легалдаштыруу жол-жобосун 3 этап менен жөнгө салсын:
1-этап — укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;
2-этап — укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;
3-этап — укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.);
3) Кыргызстандын аймагына ташылып келген автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн иштеп чыксын жана бекитсин;
4) автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенме менен чет мамлекеттердин жарандарынын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарынын Кыргызстандын аймагына кирүү жана жүрүү мөөнөттөрүн контролдоо тартибин иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин, ошондой эле мындай автотранспорт каражаттарына ээлик кылууга укук белгилөөчү документтерсиз Кыргызстандын жарандарынын башкаруусунда чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын кирүүсүнө тыюу салсын;
5) ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин ички чек араларында жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек араларында автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу, аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды аткарууга алсын.
3. Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынын башкаруусундагы чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын табууга көмөк көрсөтсүн.
4. Экономика жана коммерция министрлиги, КР мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында ташылып келгендерди кошпогондо, автотранспорт каражаттарынын кузовдорун ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыксын.